Тема: Кар көчкүдөн сак болуңуз!
Новость

29-январдан 31-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош унаа жолундагы  Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашууларында жана Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү күтүлүүдө. Ошондой эле, жолдор тайгак болуп муз тоңот. 

Мындан улам, ӨКМ айдоочуларды 500 метр аралыкты сактоону эскертет.