Баткендик 34 жаштагы эне тогузунчу наристесин жарыкка алып келди
Новость

34 жаштагы Зарипа Базарбай кызынын 5 кыз, 3 уулду тарбиялап келген болчу. Баатыр эне бир ай мурун тогузунчу наристесин жарык дүйнөгө алып келди.

Каарманыбыз жолдошу Элдар Юсубалиев менен түтүн булатып жатканына 17 жыл болду. Бул үй-бүлө Баткен районунун Чоң-Кара айылында жашайт.

Баатыр эненин айтымында, тогуз баланын ар бири өзүнүн үнү, өз дүйнөсү менен үй-бүлөнүн жашоосуна шаң кошуп турат. Ошондой эле ал көп балалуу болуу сыймык менен катар чоң жоопкерчилик экенин баса белгиледи.