Президент жеке автомектептерге берилген лицензияларды убактылуу токтотуу тууралуу жарлыкка кол койду
Новость

Президент Садыр Жапаров лицензиялануучу иштин түрлөрүн мамлекеттик жөнгө салуу системасын өркүндөтүү максатында тиешелүү жарлыкка кол койду. Документ “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамга жана Конституциянын 66 жана 71-беренелерине ылайык кабыл алынган.

Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 30-январынан тартып 30-августуна чейин автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жөнгө салууну өркүндөтүү үчүн апробациялык режим киргизилет.

Апробациялык режимдин алкагында жеке менчик билим берүү уюмдарына, башкача айтканда автомектептерге мурда берилген лицензиялардын колдонулушу убактылуу токтотулат. Бул мезгилде айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо иши мамлекеттик автомектептер тарабынан гана жүргүзүлөт.

Ошондой эле Президенттин Иш башкармалыгына апробациялык режимдин жыйынтыгы боюнча президенттин администрациясына тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизүү тапшырылды. Мындан тышкары, жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрүү милдети жүктөлдү.

Жарлыктын аткарылышын контролдоо президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына тапшырылды.

Документ расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 30-январынан тартып күчүнө кирет.