Бүгүн, 30-январь Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Бер-Булак айылында 275 орундуу О. Турсуматов атындагы жаңы мектептин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов, жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, мугалимдер, окуучулар жана айыл тургундары катышты.
Министр Нурдан Орунтаев өз сөзүндө өлкө боюнча курулуп жаткан мектептердин саны жана сапаты жылдан жылга жогорулап жатканын белгилеп, бул жаңы мектеп келечек муун үчүн түзүлүп жаткан маанилүү билим берүү объекттеринин бири экенин айтып, айыл тургундарын жана жалпы жамаатты мектептин ачылышы менен куттуктады.
Аталган мектептин курулушу 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттан туруп, 275 орунга ылайыкталган. Ошондой эле окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралган.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде Чүй облусунун Таш-Дөбө айылында бир катар социалдык объектилердин курулушу аяктап, бүгүнкү күндө пайдаланууга берилди.


