Талас облусунун аймагында текшерүүдөн кийин 51 ок атуучу курал алынды
Новость

Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2025-жылдын 30-декабрындагы Аппараттык кеңешмесинин жыйынтыгы менен кабыл алынган  протоколдук тапшырмасынын негизинде жана ок атуучу курал-жаракка көзөмөл жүргүзүү максатында Талас облусунун аймагында   “Арсенал” аталышындагы ыкчам алдын алуу рейддик иш-чаралары өткөрүлдү.  

Иш-чаранын жүрүшүндө  жарандык ок атуучу куралды, ок-дарыларды, сыйлык иретинде берилген куралдарды инвентаризациялоо жана аларды сактоо эрежелерин, мөөнөтүн  текшерүү иштери жүргүзүлдү. 

Жыйынтыгында  Талас облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жалпы 51 ок атуучу куралдар, анын ичинен 9 сайлуу, 37 сайсыз, 4 газо-травматикалык ок атуучу жана сыйлыкка берилген 1 ок атуучу курал алынды.