Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы Профсоюз көчөсүнө байланыштуу көрүстөндү көчүрүү маселеси боюнча тургундар менен жолукту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Калаа башчысынын айтымында, долбоор эки вариантта жазылган. Биринчисинде жол көрүстөндү кесип өтсө, экинчисинде аны айланып өтөт.
Маалыматка ылайык, бул иш-чара Бишкек — Кара-Балта жолундагы тыгынды азайтууга багытталган.
Мэр көрүстөндү көчүрүү маселеси жергиликтүү тургундардын талаптарын эске алуу менен чечилерин, кийинчерээк эл менен дагы бир жолугушуу болорун жана бул маселеде чагымчылыктарга жол берилбеши керектигин баса белгиледи.