Кыргызстан: Унаалардын саны 2 миллионго жакындады
Новость Айдана Асан кызы

Кыргызстанда расмий каттоодо турган 2 миллионго  жакын унаа бар. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди.

Министрдин айтымында, өлкөдөгү транспорттун саны 2024-2025-жылга салыштырмалуу 13%га өскөн. Бул экологиялык негизги көйгөйлөрдүн бирине айланууда. 

Учурдагы автопарктын курамы төмөнкүдөй бөлүнгөн:

Бензин менен жүргөндөр: 972 миң; 

Дизель (солярка): 339 миң;

Газ менен иштегендер: 56 миң;

Гибриддик унаалар: 37 миң.

Ошондой эле, маалыматка ылайык Бишкекте 1 447 газ менен жүрүүчү автобус, 120 электробус жана 12 даана стандарттуу 12 метрлик автобус бар. Мындан сырткары, электромобилдерди кубаттоо үчүн өлкө боюнча 100дөн ашык станция орнотулган.