27-январда Таластагы Жерүй кенинде болгон кырсыктан 1975-жылы туулган Бакай-Ата районунун Биринчи май айылынын тургуну каза болду. Маркумдун сөөгү 30-январда жерге берилген. Окуя кендин шахта бөлүгүндө болгон. Кырсыктан дагы эки адам жаракат алып, ооруканага түшкөнү белгилүү болду.
Жерүй кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы кенде кырсык болгонун ырастап, каза болгон жана жаракат алгандар жөнүндө маалымат бере элек.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 27-январында +3160 горизонтундагы тилкеде «БПК» ЖЧКсынын (подрядчы ишкана) кызматкерлери бекемдөө иштерин жүргүзүп жаткан учурда тоо катмары көчүп кеткен. Окуя болгон учурда аймакта жер астындагы курулуш иштерин аткарып жаткан башкы подрядчы — «БПК» ЖЧК ишканасынын төрт кызматкери болгон. Окуянын себептерин жана чоо-жайын аныктоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган кырсыкты иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.