Жерүйдөгү кырсык: Адылбек Касымалиев окуяны жеке көзөмөлүнө алды
Новость

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусундагы Жерүй алтын кенинде катталган кырсыкты жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

“Тилекке каршы, кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, дагы эки кызматкер ар кандай деңгээлдеги жаракат алышкан. Жабыркагандарга бардык зарыл медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин тактоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. 

Министрлер Кабинети кырсыктын бардык жагдайларын дыкат көзөмөлгө алып, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлүшүн камсыздайт. 

Маркумдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат”, - деп жазды Дайырбек Орунбеков.