Таласта прокурордун орун басары пара менен кармалды
Новость

Атайын кызмат Талас облусунун райондорунун биринин прокурорунун орун басары С.К.О.нун пара алуу фактысын аныктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Ал соттолгон адамдарды “абакка отургузам” деп опузалап, 2000 доллар өлчөмүндө акча талап кылып келген. 

1-февралда УКМКнын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Башкы прокуратуранын Коопсуздукту камсыздоо бөлүмүнүн өкүлүнүн катышуусунда 140 миң сом өлчөмүндөгү паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, мыйзамсыз ишмердүүлүктүн башка фактыларын, ошондой эле башка кызмат адамдарынын катышуусун аныктоого багытталган бир катар тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.