Кыргызстандын калкынын саны 7 миллиондон ашты
Новость

2025-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 7 млн 395 миң адамга жетти. Мындай маалымат Улуттук статистика комитети маалымдады.

 Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь-ноябрь айларында республиканын калкы 112,8 миң адамга, же 1,5 пайызга көбөйдү. Натыйжада калктын табигый өсүшү 98,5 миң адамды түздү. 

 "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын январь-ноябрь айларында жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында 127,8 миң ымыркай катталган. Ошол эле мезгилде 29,3 миң өлүм катталган.

 Белгилей кетсек, өткөн жылы табигый өсүштүн эң жогорку деңгээли Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталып, ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Бишкек шаарында байкалган.