2025-жылы Баткен облусунундагы 623 жаранга 308,9 млн сомдук насыялар берилди. Бул "Айыл чарбасын каржылоо-13" долбоорунун негизинде ишке ашты.
Маалыматка ылайык, "Айыл банк" тарабынан айыл чарба тармагындагы 25 ишкерге 10 млн сом, мал чарбачылыгы боюнча 188 ишкерге 119 млн сом, ал эми тамчылатып сугаруу үчүн 3 жаранга 2,3 млн сом насыя берилген.
Ошондой эле, "Элдик банк" тарабынан айыл чарба багытындагы 16 дыйкан 6,97 млн сом, мал чарбачылыгындагы 391 фермер 167,6 млн сом насыя алышкан.