Бишкек – Токмок каттамында кошумча кичи автобустар жүрө баштайт
Новость

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти Чүй–Бишкек аймактык башкармалыгы менен биргеликте Бишкек–Токмок багытындагы жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус каттамдарына текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

 Маалыматка караганда, кечкисин Бишкек–Токмок каттамы эрте токтогондугуна байланыштуу, жүргүнчүлөр такси кызматын пайдаланууга мажбур болуп жатышкандыктарын айтып арызданышкан. Кɵйгɵй чыккан каттамдарга мониторинг жүргүзүлгɵндɵ, жума жана ишемби күндөрү Бишкектен Токмокко каттаган жүргүнчүлөрдүн саны адаттагыдан кɵп болгондугу аныкталган.

Маселени чечүү максатында Транспорт департаменти №350 жана №353 маршруттук каттамдарды тейлеген компаниялардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. 

Жыйынтыгында каттамдардын жетишсиздигин жоюу жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кошумча кичи автобустар коюлуп, каттамдардын саны көбөйтүлдү.