Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Жүлгүн жайлоосунда кар көчкү алдында калган 37 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, маркум 31-январда жергиликтүү тургундар менен мергенчиликке чыккан. Ошол маалда кар көчкү жүрүп, бир кишини басып калган.
Издөө иштерине ӨКМдин 12 куткаруучусу дрон менен чыкканын, ошондой эле ИИМ өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар болуп жалпы 229 адам тартылган.