Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Триатлон федерациясы менен биргеликте мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда триатлон спорту боюнча реалити-шоу уюштурат.
Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан бул долбоорго мамлекеттик кызматта же бюджеттик уюмдарда иштеген, спорттук разряддары жок жана мурда профессионалдык деңгээлде спорт менен машыкпаган 10 кызматкер тандалып алынат. Катышуучуларга чуркоо, сууда сүзүү жана велосипед тебүү боюнча машыгуулар уюштурулат.
Төмөндө катышуунун жол-жобосу көрсөтүлгөн:
“ЖАҢЫ ЖОЛ” реалити-шоусу
1. Жалпы жоболор
1.1 Долбоордун аталышы:
“Жаңы жол” реалити-шоусу
1.2 Долбоордун иштеп жаткан урааны:
“Кабинеттен - жеңишке чейин” (ураан долбоордун концепциясына өзгөртүү киргизбестен, Уюштуруучулар тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн)
1.3 Долбоордун уюштуруучулары:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
- Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясы
2. Долбоордун максаты жана концепциясы
“Жаңы жол” реалити-шоусу - бул төмөнкү багыттарга арналган социалдык-спорттук долбоор:
- массалык спортту жана сергек жашоо образын жайылтуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, ошондой эле бюджеттик уюмдардын кызматкерлерин системалуу түрдө спорт менен машыгууга тартуу;
- кызматтык же кеңсе турмушунан спорттук жетишкендиктерге чейинки катышуучулардын жеке трансформациясын көрсөтүү.
- Долбоор катышуучулардын машыгууларды баштаган учурунан тартып, сезондун негизги триатлон мелдешине катышканга чейинки жолун чагылдырат.
3. Долбоордун катышуучулары
3.1. Катышуучулардын саны
- Долбоорго 10 катышуучу тандалып алынат.
- Катышуучу бир мамлекеттик, муниципалдык же бюджеттик мекеменин өкүлү болушу зарыл.
3.2. Катышуучуларга коюлган талаптар
Долбоорго төмөнкү талаптардын бардыгына жооп берген адамдар катыша алышат:
1. Катышуучунун жашы - арыз берилген учурда 28 жаштан 38 жашка чейин.
2.Төмөнкү мекемелердин кызматкери болууга тийиш:
* мамлекеттик органдар;
* муниципалдык кызматтар;
* бюджеттик уюмдар.
3. Мамлекеттик кызматтагы иш тажрыйбасы - кеминде 5 жыл, иш ордунан берилген маалымкат менен тастыкталууга тийиш.
4. Кыргыз тилин эркин сүйлөө.
5. Профессионалдык спорттук тажрыйбасы жок
(анын ичинде триатлон жана ага жакын циклдик спорт түрлөрү боюнча).
6. Милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүгө даяр жана
циклдик спорт түрлөрү менен машыгууга каршы көрсөтмөлөр жок экендигин тастыктаган медициналык маалымкатты берүүгө.
7. Фото - жана видео тартууга катышууга даяр, анын ичинде:
* машыгууларда;
* мелдештерде;
* долбоордун бардык учурунда.
8. Жумасына кеминде 3 жолу машыгууга даяр болуу, ар бир машыгуу 2 сааттан кем эмес (минималдуу талап).
4. Даярдык мезгили жана шарттары
* Даярдык мөөнөтү - 6,5 ай.
Катышуучулар төмөнкүлөр менен камсыздалат:
* машыгуу базасы;
* машыктыруучулар курамы;
* төмөнкү дисциплиналар боюнча этап-этабы менен түзүлгөн даярдык программасы:
* сууда сүзүү;
* веложүрүш;
* чуркоо;
* машыгуу жана мелдештер үчүн велосипеддер.
* Даярдык процесси Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясы тарабынан тартылган машыктыруучулардын жетекчилиги алдында жүргүзүлөт.
5. Долбоордун финалдык старты
Долбоордун акыркы баскычы - тандалып алынган катышуучулардын төмөнкү мелдешке катышуусу болуп саналат:
13-сентябрда өтө турган Триатлон боюнча ышкыбоздор арасындагы Азия Кубогу.
6. Долбоордун медиа коштоосу
* Долбоордун жүрүшүндө катышуучулар медиа-команданын коштоосунда болот.
Төмөнкү процесстер видеофиксацияланат:
* машыгуу процесси;
* мелдештер;
* катышуучулардын жеке тарыхтары жана жетишкендиктери.
Тартылган материалдардын негизинде реалити-шоунун сериялары даярдалып, долбоордун эпизоддору катары жарыяланат.
Катышуучулар өздөрүнүн катышуусу менен тартылган фото - жана видеоматериалдарды пайдаланууга макул экендиктерин тастыкташат.
7. Арыздарды кабыл алуу тартиби
Долбоорго катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү милдеттерди аткарууга тийиш:
1. Google-форма аркылуу арыз толтуруу
(шилтеме Уюштуруучулар тарабынан жарыяланат).
2. Узактыгы 1-2 мүнөт болгон видео тиркөө, анда талапкер:
* өзү тууралуу кыскача маалымат берет;
* долбоорго катышуудагы мотивациясын түшүндүрөт.
3. Бардык талап кылынган документтерди жана маалымкаттарды белгиленген мөөнөттө тапшыруу.
Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү: 3-февралдан тартып 15-февралга чейин.
8. Катышуучуларды тандоо
Катышуучуларды тандоо биргелешкен комиссия тарабынан жүргүзүлөт:
• Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги.
* Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясы;
Уюштуруучулар:
* талапкерлердин белгиленген критерийлерге шайкештигин өз алдынча аныктоого;
* медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн көбүрөөк сандагы талапкерлерди тандоого укуктуу.
Медициналык кароонун жыйынтыгында талапкерлердин айрымдары тандоодон чыгарылышы мүмкүн.
Тандоо комиссиясынын чечимдери акыркы болуп саналат жана кайра кароого жатпайт.
Катышуучуларды тандоо: 16-18-февраль;
Долбоордун башталышы: 1-март.
9. Жоопкерчилик жана коопсуздук
* Долбоорго катышуу медициналык каршы көрсөтмөлөр жок болгон учурда гана мүмкүн.
* Катышуучулар берилген маалыматтардын жана документтердин тактыгына жеке жоопкерчилик тартат.
* Уюштуруучулар регламенттин талаптарына жооп бербеген учурда катышуудан баш тартууга укуктуу.
Катышуу үчүн анкетаны толтуруу: https://forms.gle/WCdzguqpvxKGdHB78