Бишкектин Медеров көчөсүнүн Панфилов-Совет көчөлөрүнө чейинки бөлүгү жана Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки аймакта ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматына ылайык, аталган жагдай Тыныстанов көчөсүдөгү 30/1 дарегиндеги суу түтүктөрүндөгү аварияга байланыштуу болгон.
Учурда "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын авариялык бригадасы калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшүүдө.