Учурда социалдык тармактарда УТРКнын атын жамынып, акча тапкан шылуундар пайда болууда. Алар Гүлшан Молдоеванын сүрөтүн колдонуп, УТРКда «Арноо концерт» программасы кайрадан жанданды деген жалган маалымат таратып, жарандардан акча которууну талап кылышууда.
УТРК мындай маалыматтарга ишенбөөгө чакырат. Учурда «Арноо концерт» же ушул сыяктуу куттуктоо программалары акча төлөө шарты менен эфирге чыкпайт. Эгер «Арноо концерт» программасы эфирге чыга турган болсо, бул тууралуу расмий баракчалар аркылуу алдын ала маалымдалат.