Кыргызстанда 6 жатак абагы жоюлду
Новость

Кыргызстандагы акыркы 6 жатак абагын жоюу боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул реформа пробация менен функцияларды кайталабастан, мамлекеттик каражаттарды рационалдуу пайдалануу жана жоюлуп жаткан мекемелердин кызматкерлеринин укуктарын милдеттүү түрдө сактоо менен заманбап жана натыйжалуу ыкманы ишке ашырууга багытталган.

Белгилей кетсек, жатак абактарын жабуу боюнча чечимдер этап-этабы менен кабыл алынган. 2025-жылы тиешелүү кодекстерге жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилип, андан кийин колония-конуштардын биринчи тобу жабылган. 2026-жылдын 28-январында мекемелердин экинчи тобун – № 26, 42, 43, 44, 45 жана 52-мекемелерди жоюу чечими кабыл алынды.