ӨКМ: Кар көчкүлөр атылып түшүрүлөт
Новость

2026-жылдын 4-февралынан 8-февралына чейин Бишкек – Ош унаа жолунун Өтмөк тилкеси, Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында кар көчкүлөрдү аткылап түшүрүү үчүн атайын ыкчам топ жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Мындай аракет кырсыктарды алдын алуу, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана жол каттамын үзгүлтүккө учуратпоо максатында ишке ашырылууда.

ӨКМ айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү жол белгилерине, убактылуу коюлган тосмолорго көңүл буруп, жол эрежелерин жана аралык сактоого чакырат.