Быйыл Талас облусунда 32 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылып, 10 кошумча трансформатор орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Жаңы трансформаторлор төмөнкү аймактарга орнотулат:
Талас районуна — 1;
Бакай-Ата районуна — 2;
Манас районуна — 5;
Айтматов районуна — 2.
Эскерте кетсек, электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшүн эске алуу менен төмөнкү аймактарда трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу пландалган.
Бакай-Ата районунда — 9;
Манас районунда — 4;
Талас шаарында — 7;
Талас районунда — 5;
Айтматов районунда — 7.