Күрмөнтү цемент заводу кайрадан ишке киргизилет
Новость

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан Күрмөнтү цемент заводу кайрадан толук кандуу ишке киргизилет. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, Союз мезгилинде аталган завод жогорку сапаттагы цемент өндүрүп, продукциясы Казакстанга чейин жеткирилчү. Кийин заводдун иши солгундап, цемент эмес, бир гана акиташ чыгаруу менен чектелип калган.

Учурда завод мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, 4,5 млн долларга инвесторлорго берилген. Инвесторлор 2026-жылдын аягына чейин болжол менен 100 млн доллар инвестиция салып, заманбап технологиялар менен жабдылган жаңы завод курууну көздөшүүдө.

Жаңы өндүрүш объектиси жыл аягына чейин ишке берилип, анын алкагында 200дөн 400гө чейин жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда.