Жалал-Абад: Бейтаптар үчүн көчмө китепканалар уюштурулду
Новость

Жалал-Абаддын облустук, шаардык жана райондук ооруканаларында көчмө китепканалар, "Китеп куржун" иш-чаралары жана атайын китеп текчелери уюштурулду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Көчмө китепканаларга көркөм адабият, тарыхый, илимий жана балдарга арналган китептер коюлган. Китептер бейтаптарга палатага чейин жеткирилип, каалоочуларга убактылуу пайдаланууга берилүүдө.

Белгилей кетсек, бул долбоор бейтаптарды руханий жактан колдоого багытталган.