Түштүк Корея Бишкектин абасынын сапатын жакшыртууга 10 млн доллар грант бөлөт
Новость

2026–2028-жылдары Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын сапатын жакшыртууга Түштүк Корея өкмөтү 10 млн АКШ долларына чейин кайтарымсыз жардам көрсөтүүнү карайт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министр М. Машиев жана министрдин орун басары А. Раимкулова Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) делегациясы менен жолугушуу учурунда айтылды.

Долбоор абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын кыскартуу, абанын сапатын башкаруунун комплекстүү планын иштеп чыгуу жана мамлекеттик билим берүү мекемелеринде экологиялык таза жылытуу системаларын киргизүүгө багытталган.