Кыргызстан дүйнөнү тоолуу аймактарга көңүл бурууга чакырды
Новость

Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча Глобалдык саммитте Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев эл аралык климаттык күн тартибинде тоолуу аймактарга көңүл бурууну күчөтүүнү сунуштады. 

Ал климаттын өзгөрүшү тоо экосистемаларына бир кыйла таасирин тийгизээрин белгиледи. Мөңгүлөрдүн эриши, аба ырайынын күтүүсүз өзгөрүшү Борбор Азия аймагында жана анын чегинен тышкары аймактарда суу ресурстарына, айыл чарбага жана энергетикага узак мөөнөттүү көйгөйлөрдү жаратаарын кошумчалады. Ошондой эле тоолуу өлкөлөрдү жана аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн өзгөчө аймактар катары кароону чакырды.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, тоолуу аймактардын туруктуулугу миллиондогон адамдардын суу жана азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизип, системалуу жана координацияланган эл аралык чечимдерди талап кылат.