Коргоо министрлиги 2026-жылдын 2-февралынан 20-февралына чейин республиканын бардык аймактарындагы жалпы орто жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында кесиптик-багыт берүү иштерин жүргүүзүдө.
Аскер кесибин тандаган 9-класстын бүтүрүүчүлөрү Кыргыз улуттук аскер лицейине (КУАЛ) тапшыра алышат. Ал эми мектептердин, лицейлердин, колледждердин жана КУАЛдын бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунда же чет өлкөлүк аскердик окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын курсанттары Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Түркия жана Кытай мамлекеттеринин 30дан ашуун аскердик билим берүү уюмдарында, ошондой эле Бишкекте жайгашкан Аскердик институтунда билим алышууда.
Жогорку аскердик билим берүү уюмдарынын курсанттары акысыз сапаттуу жогорку билим алып, толугу менен мамлекеттик камсыздоодо болушат.
Аскердик окуу жайды бүтүргөндөргө тандаган адистиги боюнча жогорку билими тууралуу диплом берилет жана милдеттүү түрдө жумушка орноштуруу кепилденет.
Белгилей кетсек, бул иш-чаралар жаштарды аскердик-мекенчилдикке тарбиялоону чыңдоого, келечектеги кесипти аң-сезимдүү тандоого шарт түзүүгө, ошондой эле окуучулардын Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин аскердик билим берүү уюмдарында окууга жана аскердик кызматка болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.

