Алымбек датка көчөсүн кеңейтүү иштерине байланыштуу айрым турак жай ээлери Эне-Сай конушуна көчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кезектеги рейдинде айтты.
Ошондой эле, мэр жолду кеңейтүүгө тоскоолдук жараткан мыйзамсыз объекттерди жана жол жээгиндеги курулуштарды алып салууну, айрым турак жай объектилерин соода-сатык жай катары мыйзамсыз пайдаланган учурларды аныктоону жана демонтаждоону тапшырды.



