Бүгүн, 5-февралда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 17 (U17) жашка чейинки спортсмендер арасында спорттук күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги башталды.
Иш-чаранын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев, Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын өкүлдөрү, өлкөнүн бардык аймактарынан келген балбандар, машыктыруучулар жана спорт күйөрмандары катышты.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Улан Кыдырбаев биринчиликтин башталышы менен катышуучуларды куттуктап, жаш спортсмендерге ийгилик жана жогорку жетишкендиктерди каалады. Ошондой эле мындай мелдештер жаштардын спорттук чеберчилигин жогорулатууда жана улуттук курама команданын резервин түзүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Биринчиликтин жыйынтыгы боюнча I, II, III орундарды ээлеген спортсмендер медаль жана дипломдор менен сыйланат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамына киргизилет.
Мелдештин негизги максаты – кыз-келиндер күрөшүн популяризациялоо, спорттук чеберчиликти жогорулатуу, спорт аркылуу баңгизатка, алкоголизмге жана тамеки тартууга каршы күрөшүү, ошондой эле 2026-жылы өтө турган Азия чемпионатына, Дүйнө чемпионатына, эл аралык жана лицензиялык турнирлерге катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасын тандоо болуп саналат.
Белгилей кетсек, биринчиликтин биринчи күнүндө 17 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы беттештер өтүүдө. Кыз-келиндер төмөнкү салмак категориялары боюнча күч сынашат: 40, 43, 46, 49, 53, 57, 61, 65, 69, 73 кг.
