Нарын облусунун Кочкор районунда жалпы наркы 80 миллион 300 миң сомду түзгөн айыл чарба багытындыгы жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада 1996–2006-жылдар аралыгында Ормон-Хан жана Чолпон айыл аймактарындагы жалпы аянты 37,78 гектарды түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө берилип кеткендиги аныкталган.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы баасы 80 млн 300 миң сомду түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.