2025-жылы салыктык башкаруу негизинен аралыктан жүргүзүлүүчү форматка өттү жана санариптештирүү бардык өзгөрүүлөрдүн системалык негизи болуп калды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ведомствонун коллегиялык жыйынында билдирди.
Салык төлөөчүнүн кабинетинин функционалы кеңейтилди, салыктык тобокелдиктерди башкаруунун автоматташтырылган тутумдары, фискалдык программалык камсыздоонун пилоттук долбоору ишке киргендигин белгиледи.
“Коомдук тамактануу жайларынын эсепке алуу тутумдарын Салык кызматынын маалымат базасы менен интеграциялоо күнүмдүк орточо кирешенин туруктуу өсүшүн жана көмүскө жүгүртүүнүн кыскарганын көрсөттү.
Виртуалдык кампанын механизми менен электрондук эсеп-фактуралар тутумун модернизациялоо жана импорттон же өндүрүштөн акыркы керектөөчүгө чейинки товар жүгүртүүнү көзөмөлдөөгө багытталган “Салык Күзөт” модулун ишке киргизүү улантылууда”, – деди Алмамбет Шыкмаматов.
Төрага бул чаралар жөн гана технологиялык чечим эмес, бул – субъективдүү башкаруудан бардыгы үчүн бирдей эрежелерге негизделген тутумга өтүүнү камсыз кыларын билдирди.