Кечээ, 7-февралда, болжол менен саат 12:30 чамасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинин (мындан ары ТИЗО-1) абак бөлмөсүнүн ички тор эшигинде оор кылмыштарга айыпталган жаран А.К.К. өзүнүн шымын колдонуп асылып турган абалда табылган.
Мекемеден билдиришкендей, дарыгерлер тарабынан көрсөтүлгөн биринчи медициналык жардамга карабастан айыпталуучу А.К.К., ошол жерден көз жумган.
Окуя болгон жерге ЖАМКнын тергөө ыкчам тобу жана Кыргыз Республикасынын мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратурасынын өкүлдөрү менен биргеликте чыгып, жогорудагы окуя боюнча, тийиштүү иш кагаздары чогултулуп, маалымат эсеп журналына катталган.
ЖАМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан тийиштүү соттук-медициналык эксперизалар дайындалып, соттук өндүрушкө чейинки текшерүү иш амалдары жүргүзүлүүдө.
Айыпталуучу А.К.К., ЖАМКнын №21 мекемесине (ТИЗО-1), 2025 жылдын 17-декабрында, Бишкек шаарынын ИИББнын УКЖнан которулуп жайгаштырылган.
А.К.К., 2025-жылдын 30-сентябрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнүн тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3,5,7,14-бөлчөктөрүндө көрсөтүлгөн кылмыш үчүн кармалып, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунун 2025-жылдын 1-октябрындагы чечими негизинде камакка алуу боюнча бөгөт коюу чарасы колдонулган.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2026-жылдын 26-январындагы чечиминин негизинде, камакта кармоонун бөгөт коюу чарасы 2026-жылдын 29-мартына чейин узартылган.