Чолпон-Ата шаарында жаңы айланма жолдун курулуш иштери башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Бул долбоор үстүбүздөгү жылдын 31-августу жана 1-сентябрына пландалган Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин даярдоо жана өткөрүү иштеринин алкагында ишке ашырылууда.
Айланма жол төрт тилкелүү болуп, жалпы узундугу 15,64 чакырымды түзөт. Курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен параллелдүү долбоорлоо ыкмасы менен каржыланууда.
Жолду пайдаланууга берүү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитинин башталышына пландалууда.
Белгилей кетсек, айланма жол аркылуу өтүү акысыз болот.