Бишкек мэрия: Ичүүчү сууну камдап алыңыз!
Новость

Эртең, 10-февралда саат 10:00дөн 22:00гө чейин Энергетиктер шаарчасындагы турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суу Лебединовка айылындагы "Тунук- булак" суу алуучу жайында авариялык-оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

1770613157.width-800.jpg 267.99 KB