Жаңы фитотехнологияларды колдонуу менен Баткен облусунун Кадамжай районунда цитрус өсүмдүктөрү ийгиликтүү өстүрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын маалыматына ылайык, облуста цитрус жемиштеринин мандарин, апельсин, лимон жана кумкват сыяктуу түрлөрү өстүрүлүүдө. Ошондой эле, Бакыт Төрөбаев көчөт өстүрүү үчүн бөлүнгөн аянттар 2023-жылы 801 гектарды түзсө, 2025-жылы 1 миң 56 гектарга жеткенин жана былтыр тропикалык продукциянын өндүрүш көлөмү 7 миң 149 тоннага жеткенин айтты.