2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Нарын районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 15 эсеге өстү. Бул тууралуу район акими Нуридин Мадимаров билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы райондо 8 миллиард 595 миллион 866 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 8 миллиард 29 миллион 180 миң сомго көп болуп, өсүш 15 эсени түздү.
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү негизинен алтын өндүрүүнүн эсебинен камсыздалган. Тактап айтканда, Солтон-Сары өрөөнүндө жайгашкан кыргыз-кытай биргелешкен алтын ылгоочу фабрика 876 килограмм алтын өндүрүп, өлкө казынасына 2 миллиард 336 миллион 385 миң сом которгон.
Ошондой эле айыл өкмөттөрүнүн жалпы бюджети 251 миллион 110 миң сомду түзүп, бул көрсөткүч 3,1 эсеге өскөн.
«2025-жыл район үчүн жемиштүү жылдардан болду. Өткөн жылы 11 чакан ишкана ачылып, 48 жаңы жумуш орду түзүлдү. Бул ишканаларды ишке киргизүүгө 560 миллион 340 миң сом инвестиция тартылды. Мындан тышкары, наркы 100 миллион еврого бааланган “Куланак” ГЭСинин курулушунда 500 жумуш орду түзүлүп, 16 миллион доллар инвестиция тартылган Солтон-Сарыдагы алтын ылгоочу фабрикада 400 адам жумуш менен камсыз болду», – деди Н.Мадимаров.
Мындан сырткары, Кара-Бүк участогунда 435 миллион сомго тоок этин кайра иштетүүчү фабрика, “Запин” участогунда 45 миллион 200 миң сомго бетон чыгаруучу ишкана ачылып, пайдаланууга берилди. Жан-Булак участогунда бетон заводу, Сары-Ой участогунда асфальт заводу курулду.
Өнөр жай ишканаларынын курулушунун натыйжасында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 8 миллиард сомдон ашып, Жерге-Тал, Жан-Булак, Миң-Булак жана Эмгек-Талаа айыл өкмөттөрү дотациядан чыкты. Ошондой эле жыл ичинде жалпысынан 6 миллиард 284 миллион 389 миң сом инвестиция тартылган.
Ал эми 2026-жылы инвесторлорду тартуу аркылуу жаңы өндүрүш жана өнөр жай ишканаларын ачуу милдети коюлуп, Учкун, Дөбөлү жана Чет-Нура айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу пландалууда. Ошондой эле 1 миллиард сомдон ашык долбоорлорду ишке ашыруу жана райондун өнүктүрүү фондуна 80 миллион сом чогултуу мерчемделүүдө.
