Бишкек: Ишкерлерге жасалма патент берген салыкчы кармалды
Новость

Салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Салык инспектору Ш.У.У. кызмат абалынан пайдаланып, жеке бухгалтердик компанияларга патент алуу боюнча мыйзамсыз консультациялык кызмат көрсөткөнү аныкталды.

Ошондой эле, ал 2024-жылдан бери ишкерлерге жасалма патент берип, 600 миң сомдон ашык каражатты өзүнө алып алган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 2025-жылдын 27-январында Ш.У.У. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.