Кыргызстан менен Франция түз авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААКдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, аталган мекеменин жетекчиси Манасбек Самидинов менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай жолугушуп, тараптар Франция менен Кыргызстандын ортосунда француз авиакомпаниялары тарабынан түз авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.
Ошондой эле жарандык авиация жана туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, транспорттук каттамды кеңейтүү, эки өлкө ортосундагы ишкердик жана гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелерин сүйлөшүштү.
“Кыргызстандын аэропорттору” ишканасы эл аралык маршруттук тармакты кеңейтүүгө кызыкдар экенин жана бул багытта француз өнөктөштөрү менен иштешүүгө даярдыгын белгиледи.