Кыргызстан менен Россия вирустук гепатиттерге каршы күрөшүүдө кызматташууну күчөтүүдө
Новость

Кечээ, 9-февралда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын жыргалчылыгын камсыз кылуу жаатындагы федералдык көзөмөл кызматынын жетекчиси, Россия Федерациясынын Башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Анна Юрьевна Попова менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Россия Федерациясына жана Роспотребнадзорго Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүдөгү көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Айрыкча квалификациялуу кадрларды даярдоого, илимий изилдөөлөрдү илгерилетүүгө жана жугуштуу оорулардын алдын алуу, аныктоо жана дарылоонун заманбап технологияларын киргизүүгө кошкон салымы белгиленди.

Жолугушуунун негизги мазмуну В, С жана D вирустук гепатиттери боюнча биргелешкен ишке арналды. 2023-жылдан бери Кыргызстанда эрте диагностика, диспансердик көзөмөл жана дарылоону кеңейтүү боюнча ырааттуу чаралар ишке ашырылып келет. Талкуунун жүрүшүндө Россия Федерациясынын чоң салымы катары вирустук гепатит Вга каршы чоңдорду эмдөө программасын ишке киргизүүгө көрсөткөн колдоосу өзгөчө белгиленди.