Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу боюнча келишимге кол коюлду
Новость

Бүгүн, 10-февралда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында маалыматтык кызматташуу жана өнөктөштүк тууралуу Меморандумга кол коюлду. Келишим «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык секретариаты» коомдук бирикмеси менен медиа өнөктөш уюмдун ортосунда түзүлүп, Оюндарды ар тараптуу жана сапаттуу маалыматтык чагылдырууну камсыздоого багытталган.

Меморандумдун алкагында Тараптар маалыматтык координацияны күчөтүп, расмий пресс-материалдар менен камсыз кылуу, медиа өкүлдөрдү аккредитациялоо, иш-чараларды түз эфирде чагылдыруу, ошондой эле эксклюзивдүү маектерди жана атайын медиадолбоорлорду ишке ашыруу багытында тыгыз кызматташат.  

Кол коюу аземинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын маданиятын дүйнөгө тааныткан глобалдык коммуникациялык аянтча экенин, бул долбоор салттуу спорт түрлөрүн, этномаданиятты жана көчмөн цивилизациясынын философиясын бириктирген ири эл аралык маданий-спорттук формат болуп саналарын белгиледи.

Алдыдагы Оюндарга 90дон ашуун өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Негизги иш-чаралар Бишкек шаарында жана Ысык-Көл аймагында, анын ичинде Кырчын этношаарчасында өтөт. ЖМК үчүн заманбап техникалык инфраструктура менен жабдылган пресс-борборлор уюштурулуп, болжол менен 500гө жакын чет өлкөлүк журналисттин иштөөсү мерчемделүүдө.

Министр маалыматтык чагылдырууда көлөм гана эмес, мазмундун сапаты артыкчылыктуу мааниге ээ экенин белгилеп, башкы максат — маданий мурастын баалуулуктарын илгерилетүү, маданияттар аралык диалогду чыңдоо жана Кыргызстандын ачык, позитивдүү элесин улуттук жана эл аралык аудиторияга таанытуу экенин белгиледи.

Ошондой эле, министр Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги медиакоомчулук менен стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чагылдырылышына инновациялык, креативдүү форматтарды киргизүүгө даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча маалыматтык кызматташуу тууралуу меморандумга «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык секретариаты» коомдук бирикмеси менен жергиликтүү телеканалдар, анын ичинде УТРК, ошондой эле жергиликтүү маалымат агенттиктери ортосунда кол коюлду.