Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, кайтарылуучу адамдардын жана объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишти өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы (мындан ары – Мамлекеттик күзөт кызматы) түзүлсүн.
2. Мамлекеттик күзөт кызматы – Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийген жана отчет берген атайын мамлекеттик орган, ал Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына кирет жана кайтарылуучу адамдардын жана
объекттердин коопсуздугун Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген компетенциянын чектеринде камсыз кылуу боюнча күзөт иш-чараларын жүргүзөт.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
– Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасын Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
– Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын орун басарларын Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
4. Мамлекеттик күзөт кызматынын ишинин укуктук негиздерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Мамлекеттик күзөт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ушул Жарлык жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.
5. Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө жобону, Мамлекеттик күзөт кызматынын штаттык санын жана түзүмүн Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
– ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.