Алагөзов: Президенттин бөлүнүп-жарылуу тууралуу сөзү Ташиевге тиешелүү эмес
Новость

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы расмий баракчасы аркылуу Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча президент Садыр Жапаровдун комментарийине тактоо киргизди.

Анын айтымында, президенттин “коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым” дегенде Камчыбек Ташиевди айткан жок.

Алагөзов белгилегендей, бул сөздөр Камчыбек Ташиевдин атын жамынып алып, Жогорку Кеңештин депутаттарынан тартып коомдук ишмерлерге жана интеллигенция өкүлдөрүнө чейин телефон чалып, ар кандай аракеттерге үгүттөгөн айрым адамдарга байланыштуу айтылган.