Бүгүн саат 09:00гө карата республиканын негизги ашууларында кар жаап жатат. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда түнкү саат 03:40дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Учурда кар жаап, тазалоо иштери жүрүүдө.
Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда жана Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн бүркөк болгону менен каттам бар.
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Маалыматка караганда, жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иштери күн сайын жүргүзүлүүдө.