ӨКМдин Гидрометеорологиялык кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал болуусу күтүлөт.
ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну жана кандайдыр бир кырдаалга туш бологон учурда “112” кызматына чалууну эскертет.