Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова “Евразия Кей Джи” коомдук фондунун директору Кымбат Урумкулова баштаган фонд өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Жолугушууда Улуу Ата Мекендик согушка арналган туруктуу экспозицияны модернизациялоо, музейди заманбап мультимедиялык жана инновациялык көргөзмө технологиялары менен жабдуу жана Улуттук тарых музейинин базасында Инклюзия борборун түзүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле, музейдин илимий кызматкерлеринин Россиянын музейлеринде практикадан өтүүсү жана квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тараптар маданият жана коомдук өнүгүү жаатында тыгыз кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.