Чүй: Милиция жасалма айдоочулук күбөлүктү аныктады
Новость

Чүйдө жасалма айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол инспекторлору KIA Optima үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун текшергенде анын айдоочулук күбөлүгүнүн жасалмалыгына шек туудурган белгилер аныкталган. Аталган факт мыйзам чегинде катталып, соттук-техникалык экспертиза дайындалган. Экспертиза күбөлүктүн принтерден басылганын жана расмий бланктарга такыр окшошпостугун аныктап, аны жасалма деп тапты.

Жыйынтыгында 1995-жылы туулган айдоочу Х.Шга "Документтердин жасалмалоо жасоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.