Кыргызстанда Ми-171 жана Ми-8 тик учактарын оңдоо жана адистерди даярдоо боюнча биринчи аймактык борбор түзүлдү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Аталган борбор Бишкектеги Heli Sky авиакомпаниясы тарабынан "Ак-Чий" эркин экономикалык аймагында түзүлгөн. Эми жарандык авиациянын, ӨКМдин жана Коргоо министрлигинин тик учактарын өлкө аймагында оңдоп-тейлөөгө мүмкүн болот.
Улуттук инвестициялар агенттигинин жетекчиси билдиргендей, бул долбоор өлкөдө заманбап авиациялык сервис жана окуу борборлорун түзүүгө мүмкүн экенин көрсөтөт.
Ошондой эле, мындан ары окуу-тренинг комплексин ачуу пландалууда, Ми-171 тик учагынын авиациялык тренажеру орнотулуп, окуу класстары ишке берилет. Бул Кыргыз авиация институтунун учкучтарын жана курсанттарын окутууга жана кайра даярдоого шарт түзөт.