Төө-Ашуудагы абал Транспорт министринин көзөмөлүндө
Новость

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуудагы абал министрликтин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев билдирди.

“Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуудагы абал министрликтин көзөмөлүндө. Жети дубандагы Жол тейлөө ишканаларына өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды толук көзөмөлдөп, атайын кезметке туруу менен күнү-түнү тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү тапшырмасы коюлган”,-деди Сыргабаев.        

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-февраль саат 08:30га карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу (11-февраль саат 03:40 тарта) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө. Айдоочуларга кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алуу сунушталат.