Садыр Жапаров өзүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жана президенттик шайлоону өткөрүүнүн тартиби Баш мыйзамда кандай каралганын расмий чечмелеп берүү өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна кайрылды. Бул тууралуу Конституциялык сот расмий маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, коомдук-саясий мейкиндикте жана эксперттик чөйрөдө президенттин ыйгарым укуктарынын башталышы жана мөөнөтү, ошондой эле кезектеги же мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону дайындоо тартиби боюнча карама-каршы пикирлер жаралган.
Айрым юристтер 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамдын жоболору 2010-жылдагы редакциядагы Конституциянын айрым нормалары менен айкалышканда ар башкача түшүндүрүлүп жатканын белгилешүүдө. Бул жагдай конституциялык-укуктук аныксыздыкка алып келиши мүмкүн экени айтылууда.
Конституциялык соттун маалыматына ылайык, мындай укуктук так эместиктер:
- шайлоо процессинин мөөнөттөрүнө;
- бийликтин легитимдүүлүгүнө;
- мамлекеттик институттардын туруктуу иштешине;
- жарандардын шайлоо укуктарына;
- коомдогу саясий туруктуулукка
таасир этүү коркунучун жаратат.
Ошондой эле бийлик жана шайлоо маселелерине коомдун жогорку сезимталдыгын эске алганда, укуктук талаш-тартыштар саясий чыңалууга айланып кетүү тобокелдиги бар экени белгиленди.
Мамлекет башчысы Конституциянын тиешелүү беренелерине системалуу түшүндүрмө берүүнү жана президенттик шайлоону өткөрүүнүн так тартиби менен мөөнөттөрүн аныктап берүүнү өтүнгөн.
Кайрылуунун максаты —
- укуктук аныксыздыкты жоюу,
- нормаларды ар кандай, кеңири же өзүм билемдик менен түшүндүрүүнүн алдын алуу,
- мүмкүн болуучу конституциялык кризисти болтурбоо,
- шайлоо процессинин туруктуулугун камсыз кылуу.
Бул иш Конституциялык сотто 17-февралда каралары күтүлүүдө.