12-февралга карата өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, жолдорду тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Ашууларда тайгак тилкелерге инерттик материалдар себилүүдө.
Бишкек–Ош жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Суусамыр–Талас–Тараз жолундагы Өтмөк ашууларында оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө күчүндө.
Министрлик айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.