Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун 243-296-чакырымдар аралыгына кар көчкү түштү
Новость

Бүгүн, 12-февралда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал-Казарман бөлүгүндө 243-296-чакырымдар аралыгына кар көчкү түштү. Азыркы тапта көчкүнүн көлөмү такталууда. Жол эки тараптуу жабык.

Тазалоо иштери министрликке караштуу №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Коопсуздукту камсыз кылуу максатында жерине атайын техника тартылып, жолду тазалоо иштери уланып жатат.