Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда саат 12:30дан тартып оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген убактылуу чектөө алынды. Белгилей кетсек, кечээ, 11-февраль күнү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам саат 13:00 тарта оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген. Учурда каттам бар, жолдор ачык.
Тазалоо иштери «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасына караштуу №36 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жүргүзүлүүдө.
Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.